АКШда кинолог итин ысыкта калтырганы үчүн жумуштан бошотулду

Дүйнө Загрузка... 16 Июль 2025 10:40
WhatsApp Image 2025-07-16 at 10.45.40.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 16.07.25. /Кабар/. АКШнын Джорджия штатынын Дейд округунда кинолог итин ысыкта калтырганы үчүн жумуштан бошотулду. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Маалыматка ылайык, Джорджия аттуу кызматтык ит сыртта температура 38 градуска жеткен учурда патрулдук унаада ташталган.

Иликтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, унаанын кондиционеринин компрессору жана температураны эскертүүчү сигнал берүүчү системасы иштебей калган.

Иттин узак убакыт кароосуз калуусу анын өлүмүнө себеп болгон.

“13-июлда биз кинологиялык бөлүмдүн эң жаңы жана баалуу мүчөсүн жоготтук. Джорджия аттуу кызматтык ит патрулдук унаанын ичинде өлүп калды. Шерифтин буйругу менен аны көзөмөлдөгөн кызматкер мындан ары Дейд округунун шерифинин кеңсесинде иштебейт”, - деп айтылат маалыматта.