Бишкек, 24.03.25. /Кабар/. АКШда депортацияланган мигранттардын дагы бир тобу Венесуэлага жөнөтүлдү. Бул тууралуу “Евроньюс” маалымат агенттиги жазды.
Агенттиктин маалыматына ылайык, учакта АКШ бийлиги Трен де Арагуа кылмыштуу тобу менен кызматташкан деп айыптаган 199 венесуэлалык болгон. Дүйшөмбү күнү учак Каракастын түндүгүндөгү Майкетиянын башкы эл аралык аэропортуна конуп, алар өз жерлерине жеткирилген.
“Венесуэланын АКШ менен дипломатиялык мамилеси жок. Мигранттар түшкөн учак Техастагы аскерий базадан учуп, Гондураска жетип, ал жерден дагы бир учак менен Венесуэлага барышкан”,-деп айтылат маалыматта.