АКШ менен Борбор Азия кызматташтыгын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар – Сержио Гор

Экономика Загрузка... 04 Февраль 2026 12:10
WhatsApp Image 2026-02-04 at 12.04.10.jpeg
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.02.26. /Кабар/. АКШ менен Борбор Азиянын кызматташтыкты өркүндөтүүгө эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрү бар. Бул тууралуу АКШнын Түштүк жана Борбор Азия иштери боюнча атайын өкүлү Сержио Гор Бишкекте өтүп жаткан "В5+1" бизнес форумунда билдирди.

Анын айтымында, АКШ Борбор Азия менен мамилелерди чыңдоого умтулат.

Сержио Гор 2025-жылдын 6-ноябрында Вашингтондо, Ак үйдө өткөн иш-чарада АКШ президент Дональд Трамп муну белгилегенин эске салды.

"Бул форумга АКШнын эң ири компаниялары катышууда. АКШ бизнести, тынчтыкты колдойт, дүйнө жүзүндөгү бардык өнөктөштөр менен мамилелерибизди бекемдейбиз. Ошондуктан бул "В5+1" форуму бул идеяга туура келет. 40 млрд доллардан ашык суммадагы 20дан ашык келишим түзүлдү. Бул башталышы гана. Бизде дагы эле кызматташтыкты өркүндөтүү үчүн эбегейсиз мүмкүнчүлүктөр бар. Жеке сектор менен болгон бул диалог аркылуу өткөн жылдын ноябрында башталган ишти уланталы", - деди атайын өкүл.

Белгилей кетсек, Бишкекте "Борбор Азия + АКШ" бизнес форуму өтүүдө. Иш-чара эки күнгө созулат.