Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. АКШ түштүк-батыш чек арасында, Мексика менен болгон тилкеде жаңы кошумча дубал курууну баштады. Бул тууралуу Казинформ кабарлады.
Маалыматка караганда, бул темир тосмо эки өлкөнү бөлүп турган чек аранын коопсуздугун бекемдөө максатын көздөйт.
АКШнын Бажы жана Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, болжол менен 7 миль (11 чакырым) узундуктагы дубал Нью-Мексико штатында тургузулуп жатат. Ал чек арадагы "критикалык" боштуктарды жабууга жана коопсуздук операцияларынын натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Мындан тышкары, июнь айында АКШнын ички коопсуздук министри Кристи Ноем Аризона жана Нью-Мексико штаттарында 36 миль (58 чакырым) жаңы кошумча чек ара дубалын курууга тапшырма берген.