Бишкек, 15.01.26. /Кабар/. Америка тараптын демилгеси менен КР президентине караштуу Виртуалдык активдер чөйрөсүн жана блокчейн-технологияларды өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминовдун АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушуусу өттү.
Мекеменин маалыматына караганда, жолугушуунун жүрүшүндө Фархат Иминов Улуттук кеңештин максаттары жана милдеттери, ошондой эле анын аткаруучу органы болгон катчылыктын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.
Ал Кыргызстандын виртуалдык активдер рыногу институционалдык өсүү фазасына өткөнүн жана 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүгүртүү көлөмү болжол менен 860 млрд сомго жеткенин белгиледи.
Анын айтымында, санариптик сомду киргизүү, реалдуу активдерди токендештирүү боюнча долбоорлор, калктын санариптик финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, мыйзамдарды жана жөнгө салуу ченемдерин өркүндөтүү, ошондой эле глобалдык тенденцияларды эске алуу менен зарыл инфраструктураны калыптандыруу сыяктуу демилгелер өлкөнү Web3 технологияларынын региондук хабына айлантууга өбөлгө түзөт.
Ошондой эле кыргызстандык KGST стейблкоини КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп Binance глобалдык криптоплатформасынын листингине киргени белгиленди.
2025-жылдын ноябрь айында президент Садыр Жапаров менен АКШ президенти Дональд Трамптын жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын алкагында Фархат Иминов санариптик экономика, жасалма интеллект жана IT-чөйрө кыргыз-америка өнөктөштүгүнүн артыкчылыктуу багыттары катары караларын баса белгиледи.
АКШ элчиси Кыргызстандагы виртуалдык активдер чөйрөсүнүн тез өнүгүшүн белгилеп, Кыргызстан бул рыноктун өсүү темпи боюнча Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөн алдыда экенин айтты, ошондой эле аны андан ары кеңейтүү үчүн олуттуу потенциал бар экенин көрсөттү.
Бул багытта кыргыз тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө, анын ичинде виртуалдык активдерди өнүктүрүү жана жөнгө салуу маселелери боюнча АКШнын тиешелүү мамлекеттик органдары жана компаниялары менен тажрыйба алмашууга, ошондой эле профилдик программаларды жана тренингдерди уюштурууга кызыкдарлык билдирилди.