Дүйнө чемпионаты–2026: АКШ стадиондордун үстүнөн дрон учурууга тыюу салды

Дүйнө Загрузка... 29 Май 2026 10:00
WhatsApp Image 2026-05-29 at 08.39.10.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 29.05.26. /Кабар/. АКШнын Жарандык авиация башкармалыгы дүйнөлүк футбол чемпионатынын оюндары учурунда дрондордун стадиондордун жана турнирге байланышкан башка жайлардын үстүнөн учуусуна тыюу салуу чечимин кабыл алды, деп билдирди Интерфакс.

Маалыматка ылайык, оюндар учурунда бардык учактардын, анын ичинде дрондордун стадиондордун айланасында болжол менен 1 чакырымга чейин учуусуна уруксат берилбейт.

Тизмеге Лос-Анжелес, Сиэтл жана Атлантадагы стадиондор киргизилген.

Бул чаралар катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн көрүлүп жатканы белгиленүүдө.

Дүйнөлүк чемпионат 11-июндан 19-июлга чейин Канада, Мексика жана АКШда өтөт.