Акробаттар, клоундар жана жолборстор. Москванын Никулин атындагы цирки Бишкекке келет

Маданият Загрузка... 08 Апрель 2025 16:45
2024-11-02_19-29-29.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon www

Бишкек, 08.04.25 /Кабар/. 19-апрелден 25-майга чейин Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик циркинде легендарлуу Юрий Никулин атындагы Москва цирки «Акварель» жандуу программасы менен гастролдо болот.

Көрүүчүлөргө түстөрдүн, эмоциялардын жана сыйкырдын чыныгы шоусу тартуулайт: кызыктуу трюктар, укмуштуудай өзгөчө эффекттер, акробаттар, клоундар, гимнасттар, эквилибристер жана үйрөтүлгөн жаныбарлар оюн көрсөтөт.

Программанын башкы сенсациясы — дүйнөгө белгилүү Карина менен Артур Багдасаровдун уссури жолборстору менен чыгышы!

3 жашка чейинки балдарга кирүү акысыз (өзүнчө орун жок - билети бар чоң адамдын коштоосунда 4 жашка чейинки бир бала).

Билеттерди kassir.kg сайтынан жана Asia Mall соода борборунан сатып алса болот.