Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Өлкө башчысынын Тажикстанга болгон сапары коңшулук мамилени чыңдоодогу жаңы кадам. Мындай пикирин “Биринчи радионун” түз эфиринде мамлекеттик жана коомдук ишмер Акрам Мадумаров билдирди.
Анын айтымында, президенттин Тажикстанга болгон бүгүнкү мамлекеттик сапары эң жогорку эл аралык сапарлардын бири.
“Бул сапардын эки эл үчүн мааниси зор. Маданият күндөр өткөнү турат. Бул достукту чыңдоодогу эң сонун саамалык. Жалпылай айтканда президенттин Тажикстанга болгон сапары коңшулук мамилени чыңдоодогу жаңы кадамы.
Буга чейин мен дагы Баткен облусун жетектегенмин. Баткен облусунун ошол мезгилдеги абалын азыркы учурга салыштырып болбойт. Себеби, чек ара маселеси өтө опурталдуу болуп турган учурда, ошол аймактагы элдин маанайы суз болуп, ошол жерде кызмат өтөгөн аскер кызматкерлеринде дайыма коркунуч жаралып келген. Себеби, канчалаган чыр-чатактарды, оор күндөрдү башынан өткөрүштү. Эми мындай күндөр артта калды. Тагыраагы, жергиликтүү тургундардын, аскер кызматкерлеринин, жергиликтүү бийликтин жүрөгүн өйүткөн көйгөй жок, азыр алар тынч жана куунак жашап жатышат”,-деди ал.
Мадумаров, көйгөйдүн чечилиши өлкөнүн эң чоң жетишкендиги экендигин кошумчалады.
“Себеби, тынчтык болмоюнча өлкөдө эч качан өнүгүү болбойт. Эч качан жакшы, бейкапар жашоо болбойт. Жашоонун эң башкы керемети бул өлкөнүн жана дүйнөнүн тынчтыгы”,-деди ал.
Коомдук ишмер белгилегендей, мындай жетишкендик эки өлкөнүн өлкө башчыларынын талыкпаган эмгегинин аркасында жана натыйжалуу аракеттеринин аркасында болду.
“Өлкө башчылардын өнүүгүгө тоскоолдук жаратып келген чек ара маселесин чечүүсү алардын көрөгүчтүгүнөн кабар берет. Чек ара маселеси тээ илгертеден калган таптакыр чечилбегендей көрүнгөн маселелердин бири болчу. Мына ушул көйгөйдүн тынчтык жолу менен, эки тараптуу макулдашуу аркылуу чечилиши албетте бул өлкө башчылардын эмгегинин аркасында. Чек аранын чечилиши менен товар жүгүртүү да абдан бат жана жогорку деңгээлде өнүгүп жатат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 млн доллардан ашты деп жатышат. Бул эки өлкөнүн жетишкендиктеринин бирден бир гана бөлүгү. Алдыда дагы бизди мыкты саамалыктар күтүп турат”,-деди ал.