Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Айыл чарба илимдеринин доктору Жамин Акималиев «Кабар» агенттигине берген комментарийинде өкмөттүн айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн КНСти (кошумча нарк салыгы) кыйла төмөндөтүү чечиминин маанисин ачып берди.
Эске сала кетсек, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 2026-жылдын 1-январынан тарта атамекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү үчүн кошумча нарк салыгы 80%га төмөндөтүлөт жана бул тартип 2030-жылга чейин иштейт.
“Министрлер кабинетинин токтому атамекендик товар өндүрүүчүлөргө мамлекет тарабынан көрсөтүлгөн олуттуу жардам болуп саналат. Себеби, Кыргызстанда майда товардык жана натыйжасыз чарбалардын саны өтө көп, 520 миңге жетет. Ошондуктан бизде продукциянын өздүк наркы өтө жогору. Кичинекей фермалардын айдоо аянты 1,5 – 2 гектарды түзөт, ал жерде заманбап техниканы, тракторлорду, комбайндарды колдонуу мүмкүн эмес.

Айыл чарбасынын негизи болгон жерди которуштуруп айдоо менен да кыйынчылыктар жаралат. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бардык түрлөрүнөн туруктуу жана жогорку түшүм алууга бир гана ушундай жол менен жетишүүгө болот. Азыркы майда чарбалардын бөлүнүп кетишинен улам, жашылча-жемиштердин өздүк наркы майда жер ээлери үчүн ири өндүрүүчүлөргө караганда үч, кээде төрт эсе жогору.
Мурда бизде болгону 500 колхоз жана совхоз бар болчу, аларда айдоо аянтынын орточо көлөмү 2 700 гектарды түзчү. Ушуга байланыштуу өкмөттүн токтому жана президенттин 2030-жылга чейин КНСти 80%га төмөндөтүү жөнүндөгү жарлыктары ири өндүрүүчүлөргө соода түйүндөрү аркылуу керектөөчүлөргө минималдуу үстөк жана чыгымдар менен түз жетүүгө шарт түзөт. Албетте, бул жашылчалар - жемиштердин, мөмөлөрдүн, эттин, канаттуулардын этинин, сүттүн, балдын, жаңгактардын жана башка атамекендик продукциялардын чекене баасынын төмөндөшүнө алып келиши керек. Демек, бул өндүрүүчүлөргө гана эмес, сапаттуу товарларды арзан баада алышы керек болгон Кыргызстандын бардык жарандарына жакшы жардам жана колдоо.
Кыргызстандын өкмөтү чарбаларды ирилештирүүнү стимулдаштырып жатканына көңүл буруу маанилүү, анткени алар керектүү ресурстарга ээ болуп, туруктуулук жана натыйжалуулукка жетишет. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, чоң ишканалар гана азык-түлүк коопсуздугун камсыздап, калкты жеткиликтүү баада жашылча, жемиш жана эт менен камсыз кыла алат. Бул мамлекеттин жана бизнестин өлкөбүздүн жарандарынын алдындагы социалдык жоопкерчилигинин олуттуу бөлүгү болуп саналат",- деп белгиледи Жамин Акималиев.