Акча которууну сурашат. Курулуш министрлиги алдамчылар тууралуу эскертти

Коом Загрузка... 24 Октябрь 2025 11:55
1.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлиги жарандарды алдамчылардан сак болууну эскертти.

Ведомствонун маалыматына караганда, азыркы учурда өздөрүн министрликтин кызматкери катары тааныштырып, телефон аркылуу шек жараткан билдирүүлөрдү жазып же акча каражатын которууну суранган учурлар катталууда.

"Министрлик мындай аракеттерге эч кандай тиешеси жок жана мессенджерлер аркылуу же жеке байланыштар менен акча чогултуу иштерин жүргүзбөйт.

Этият болууну, шектүү билдирүүлөргө ишенбөөнү, мындай фактылар болгон учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылууну өтүнөбүз", - деп айтылат маалыматта.