Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолу асфальтталды

Аймак Загрузка... 01 Июль 2026 16:10
copyright icon Транспорт министрлиги

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. Ош облусундагы Ак-Терек – Папан – Кожокелең унаа жолунун 5 чакырым тилкеси асфальтталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуш иштерин №21 Жол эксплуатациялоо мекемеси аткарды.

Белгиленгендей, жолдун жаңыланышы айдоочулар жана жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарт түздү. Министрлик тарабынан өлкө боюнча жолдорду оңдоо жана жаңылоо иштери бекитилген планга ылайык улантылууда.