Ак-Талаанын Баетов айылында маданий борбор курулууда

Аймак 747 24 Октябрь 2025 17:07
whatsappimage20251023at151552-66968fb148129c583.55281357.jpg
whatsappimage20251023at151553-21568fb148128ca41.33499565.jpg
whatsappimage20251023at1902295-15268fb148126ef08.21551526.jpg
Алдыга
Артка
whatsappimage20251023at151552-66968fb148129c583.55281357.jpg
whatsappimage20251023at151553-21568fb148128ca41.33499565.jpg
whatsappimage20251023at1902295-15268fb148126ef08.21551526.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 24.10.25. /Кабар/. Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушуна мезгил кутусун салды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.

Камчыбек Ташиевди курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык объектилердин долбоору менен тааныштырды.

Алар:

- Нарын шаарындагы 100 орунга ылайыкталган 4 кабаттуу төрөт үйү

- Баетов айылындагы 3 кабаттуу маданий борбору

- Баетов айылындагы 2 кабатуу спорт комплекси

Белгилей кетсек, социалдык объектилердин курулушу толук Курулуш министрлиги тарабынан көзөмөлгө алынып, 2027-жылга чейин бүткөрүү пландалууда.