Ак-Талаада “Уңгу жолду улайлы” аталышындагы форум өттү

Аймак Загрузка... 17 Август 2025 14:17
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 17.08.25. /Кабар/. Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов президенттин “Улуттук дем – дүйнѳлүк бийиктик уңгужолу жѳнүндѳ" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында Ак-Талаа районунда “Унгу жолду улайлы” аталышындагы райондук форумга катышты.

Аталган форум "Ак-Талаа эл" коому тарабынан президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана райондук администрация менен биргеликте уюштурулган.

Иш-чарага 600гө жакын аксакалдар, аялдар жана жаштар кеңештеринин өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, Нарын облусунун райондорунун акимдери катышып, учурдагы идеологиялык жагдай тууралуу ойлорун ортого салышты.

Марат Иманкулов өзүнүн кайрылуусунда ааламдашуу, жасалма интеллект, түрдүү кызыкчылыктардын кагылышы сыяктуу чакырыктар күн санап өсүп жаткан шартта өлкө алдында аларга туруштук берүү, түптүү маданиятыбызды, салт-наркыбызды, улуттук баалуулуктарбызды жоготуп албоо, аларды сактоо, өнүктүрүү, кийинки муунга татыктуу өткөрүп берүү сыяктуу көптөгөн милдеттер турганын баса белгиледи. Ал бул иште аксакалдардын, энелердин, айымдардын жана жаштардын орду өтө чоң экендигин ырастады.

Иш-чаранын жыйынтыгында форумдун катышуучулары ушул өңдүү улуттук жыйындарды туруктуу өткөрүп туруу сунуштарын билдиришип, резолюция кабыл алышты.