Ак-Талаада сел жүрүп, 18 үйдүн короосун суу каптады

Кырсык 618 05 Август 2026 10:15
764006324_122181097550908124_6362325531946241796_n.jpg
763894969_122181097616908124_7528995394141548575_n.jpg
763298614_122181097592908124_5039488038527529498_n.jpg
764006314_122181097574908124_2736817491049742092_n.jpg
762998221_122181097562908124_6580750893022096489_n.jpg
764807116_122181097628908124_5053151961344610597_n.jpg
764817674_122181097604908124_311565878621875809_n.jpg
765176608_122181097538908124_4263113302340248041_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon ӨКМдин Нарын облустук башкармалыгы

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. Нарын облусунун Ак-Талаа районунда сел жүрүп, бир нече үйдүн короосун суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Жаңы-Тилек айылында селден коргоочу каналдан кокту-колоттон түшкөн сел суулары ашып өткөн. Натыйжада сел суулары жалпы 18 турак жайдын короосун аралап өтүп, анын ичинен 2 турак жайдын жер төлөсүнө суу кирген. Ошондой эле 5 турак үйдүн короосуна сел калдыктары толгон.

Учурда жеринде селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Ага бир жүктөгүч техника, 12 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтарынын 8 өкүлү тартылган.