Ак-Суудагы Аю-Төр капчыгайында таш түшүп, Каракол суусунун нугу бурулду

Аймак Загрузка... 15 Июль 2026 11:15
copyright icon ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгы

Бишкек, 15.07.26 /Кабар/. Ак-Суу районундагы Каракол жаратылыш паркында тоо этектеринен таш-топурак түшүп, Каракол суусунун нугу бурулган.

ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришкендей, натыйжада ички чарбалык жолду суу жууп кетип, каттам убактылуу үзгүлтүккө учурады.

Окуя 14-июль күнү Аю-Төр капчыгайында катталган. Тоодон эки тилкеден түшкөн таш-топурак Каракол суусуна куюлуп, суунун нугун тоскон.

"Жолдун бузулушунан улам капчыгайдын жогору жагында каттам убактылуу токтогон. Болжол менен 40 турист жана 35 жергиликтүү тургун жолдо калган. Ал жерде 8 жеңил унаа өтө албай калган. Бактыга жараша, кырсыктан жабыркагандар жок. Аталган аймакта түнөп калуу үчүн атайын база жайгашкандыктан, жарандар коопсуз шартта ошол базада калышкан", - деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жерге дароо Ак-Суу райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Бүгүн Ак-Суу райондук Жарандык коргонуу кызматтары жана жергиликтүү бийлик тарабынан атайын оор техникалар тартылып, жолду калыбына келтирүү жана суунун нугун тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.