Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Ак-Суу районунда Каракол жаратылыш паркынын Аю-Төр капчыгайындагы сел жууп кеткен жол калыбына келтирилет.
ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынан билдиришкендей, учурда Суу чарба башкармалыгынан 1 трал жана 1 экскаватор тартылып, калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Маалым болгондой, 14-июль күнү Аю-Төр капчыгайында тоо этектеринен 2 тилкеден таш аралаш топурак түшкөн. Анын кесепетинен Каракол суусунун нугу бурулуп, суу ички чарбалык жолду жууп кеткен.
Натыйжада жол каттам үзгүлтүккө учурап, капчыгайдын жогору жагында болжол менен 40 турист, 35 жергиликтүү тургундар жана 8 унаа калып калган. Аталган аймакта түнөп калуу үчүн база бар. Жабыркагандар жок.