Ак-Сууда мыйзамсыз берилген 29,4 гектар жер мамлекетке кайтарылды

Аймак Загрузка... 30 Июнь 2025 11:06
3.jpg

Бишкек, 30.06.25. /Кабар/. Ак-Суу районунда мыйзамсыз берилген 29,4 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, райондук прокуратура тарабынан Ново-Вознесеновка айылынын аймагында жүргүзүлгөн текшерүүдө айыл чарба багытындагы 29,4 га жер тилкеси “А” дыйкан чарбасынын жеке менчигине мыйзамсыз өтүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 20 млн 801 миң сомду түзгөн жогоруда белгиленген айыл чарба багытындагы жер тилке мамлекеттик менчикке кайтарылды.