Ак-Сууда курула турган тоо-лыжа курорту "Ала-Тоо резорт" деп аталат

Президент 1515 16 Май 2025 10:45
498691240_2998557290319180_652093591165003271_n.jpg
498120403_2998557373652505_1842403356044303751_n.jpg
498148052_2998557340319175_1469107191124110723_n.jpg
498194086_2998557300319179_3885887358002327454_n.jpg
498674466_2998557333652509_2319435966904461884_n.jpg
Алдыга
Артка
498691240_2998557290319180_652093591165003271_n.jpg
498120403_2998557373652505_1842403356044303751_n.jpg
498148052_2998557340319175_1469107191124110723_n.jpg
498194086_2998557300319179_3885887358002327454_n.jpg
498674466_2998557333652509_2319435966904461884_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 16.05.25. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасына Ак-Суу районунун аймагына курула турган тоо-лыжа курортунун аталышы, курулуш иштери тууралуу билдирүү жазды.

Анда мындай деп айтылат:

"Урматтуу кыргызстандыктар жана чет өлкөлүк инвесторлор

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында салына турган тоо-лыжа курортун мындан ары «Ала-Тоо резорт» тоо-лыжа курорту деп атадык.

Бул курорттун инфратүзүмүнүн курулуш иштери башталды.

Инфратүзүмдү толугу менен мамлекеттин эсебинен бүтүрүп беребиз.

Жыргалаң участогундагы биринчи асма жолу (канатная дорога) келе жаткан жылдын июль айында бүтөт.

Демек, келерки 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында биринчи фазасы (Жыргалаң) аяктап, лыжа трассалары ишке берилет.

2027-жылы экинчи фазасы (Ак-Булак) жыйынтыкталып, 2028-жылы үчүнчү фазасы (Боз-Учук) бүтөт да, үч тоонун трассалары биригип, толук кандуу иштей баштайт.

Жалпы “Ала-Тоо резорт” трассасынын узундугу 250 километрди түзөт.

Ошондуктан, урматтуу кыргызстандыктар, жакын арада отель, ресторан жана башка объектилер салынчу жерлерди аукционго коюп, менчикке сата баштайбыз.

Андан түшкөн акча каражаттары экинчи жана үчүнчү (Ак-Булак жана Боз-Учук) фазаларын курууга жумшалат.

Биринчи фазасын (Жыргалаңды) курууга жумшала турган каражатты мамлекеттик казынадан бөлүп бердик.

Калган эки фазасы (Ак-Булак менен Боз-Учук) республикалык казынага оорчулук келтирбеш үчүн жерлерди сатуудан түшкөн каражаттарга курулат.

Аукциондон жерди утуп алгандарга бир эле талап болот.

Эки жылда куруп бүтүп, ишке киргизүүсү керек.

Мамлекет тарабынан бардык уруксат документтери бүткөрүлүп берилет.

Жерди алып коюп, узак мөөнөт курулуш (долгострой) кылып же «инфратүзүм бүткөндөн кийин жердин баасы он эсе кымбаттайт, анан башка бирөөгө сатып,
үстүнөн киреше табам» деген түшүнүк болбойт.

Андайларга жол бербейбиз. Анткени бул курорт жылына 2 миллиондон ашык туристти кабыл алат деп болжолдоп жатабыз.

Ошондуктан курулуштар туристтерди жогорку деңгээлде кабыл алыш үчүн трассалар жана фуникулёрлор менен чогуу ишке берилиши керек.

Бул лыжа курорту бүтүп ишке кирсе “Кумтөрдүн” катарын толуктап, жалпы республиканы багат.

Жерлерди сатуу боюнча аукцион болжол менен июнь айынын биринчи декадасында башталат.

Азыр көз карандысыз баалоочулар сатылуучу жердин наркын аныктап жатышат.

Аукционго мамлекеттик компаниялар жана чет өлкөлүк инвесторлор,
кыргыз резиденттери (юридикалык жана физикалык жактар) катыша алышат.

Аукцион ачык жана онлайн режимде болот.

Жер сатып алып, отель, ресторандарды курууга шашылыңыздар.

Суроолор үчүн байланыштар:

Жаркынбек Максутов (Мамлекеттик ишкананын директору)
тел./вотсап 0558 00 80 70;
Электрондук почта: j.b.maksutov@gmail.com

Аскат Чолпонбаев (директордун орун басары)
тел./вотсап 0554 48 26 76;

Канатбек Казматов (жооптуу кызматкер)
тел./вотсап 0707 12 44 43
Электрондук почта: brownly140@gmail.com".