Ак-Сууда электр тармактарын модернизациялоо иштери уланууда

Аймак Загрузка... 05 Сентябрь 2025 13:22
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Энергетика министрлиги

Бишкек, 05.09.25. /Кабар/. Ак-Суу районунда электр тармактарын жаңылоо жана күз-кыш мезгилине даярдоо иштери уланууда.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, 2025-жылы район боюнча 11 чакырым эскирген алюминий зымдарын заманбап СИП зымдарына алмаштыруу пландалган. Учурда 1,5 чакырым СИП зымдары орнотулуп бүттү. Бул иштердин алкагында Ак-Булун, Зындан жана Ак-Булак айылдарында 130 жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылууда.

Жыл башынан бери район боюнча 5 620 даана акылдуу эсептегич орнотулду, жалпы 10 800 даана орнотуу пландалган, калган бөлүгү жыл аягына чейин орнотулат.

Ошондой эле 213 чакырым электр зымдары жана 73 көмөк чордону техникалык тейлөөдөн өткөрүлүп, 26 көмөк чордону жана 32,4 чакырым зымдар капиталдык оңдоодон өттү.

Жаңы инфраструктураларды түзүү боюнча 4 жаңы көмөк чордон орнотуу пландалган, анын экөөсү — Жергез жана Жыргалан айылдарында ийгиликтүү ишке берилди. 5 көмөк чордондо кубаттуулукту жогорулатуу жана 16,2 чакырым 10 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштерин ушул жылдын октябрь айына чейин бүткөрүү каралган.

“Ала-Тоо резорт” тоо лыжа комплексинин курулушун электрификациялоо үчүн 4,3 чакырым кабелдик зым тартылып, кубаттуулугу 1000 кВА 3 даана жана 650 кВА 1 даана көмөк чордону орнотуу ушул жылдын октябрь айына чейин аяктоо пландалууда.

Мындан тышкары, авариялык өчүрүүлөрдү кыскартуу максатында 136 чакырым зымдар бак-дарактардын бутактарынан тазаланды.