Ак-Суу районунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Аймак 3 октябрь 2025 14:54
556970002_1308349370764109_4623879342036262685_n.jpg
557527705_1308349517430761_7862437179999442342_n.jpg
557009003_1308349497430763_7581618343525926222_n.jpg
557670967_1308349380764108_5026215667278959062_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 03.10.25. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Советское айылында наркы 91 миллион сомду түзгөн жаңы бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

Курулуш министрлигинен билдиришкендей, жалпы аянты 946 чарчы метр болгон имарат 100 орунга ылайыкталып, эки кабаттан турат. Курулуш иштери бардык курулуш нормаларына ылайык жүргүзүлүп, бала бакча заманбап жабдуулар менен камсыздалмакчы.

Учурда имараттын экинчи кабаты тургузулуп жатат.

Долбоор Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан ишке ашырылып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.