Ак-Суу районунда 120 орундуу музыкалык мектеп курулууда

Аймак 02 Апрель 2025 16:28
488261405_1167111788221202_9072477796363684979_n.jpg
487482706_1167111824887865_4087484616520165563_n.jpg
488600721_1167111844887863_5582587160524860649_n.jpg
Алдыга
Артка
488261405_1167111788221202_9072477796363684979_n.jpg
487482706_1167111824887865_4087484616520165563_n.jpg
488600721_1167111844887863_5582587160524860649_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Ак-Суу районуна караштуу Теплоключенка айылында К. Досмамбеков атындагы балдар музыкалык мектебинин курулушу улантылууда. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, музыкалык мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда. Объекттин тендердик наркы 45 млн сомдон ашат.

Долбоорго ылайык, 120 орунга ылайыкталган жаңы музыкалык мектеп эки кабаттан турат, заманбап окуу класстары менен жабдуу каралган.

Бүгүнкү күндө курулуштун даярдык деңгээли 20% түзөт. Курулуш-монтаждоо иштеринин жүрүшүндөгү нормалардын жана коопсуздук талаптарынын сакталышын Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөп турат.