Бишкек, 10.07.25. /Кабар/. Ак-Суу районунда күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери бекитилген планга ылайык өз убагында жүрүп жатат.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жыл башынан бери райондун аймагында жалпы 4 250 "акылдуу" эсептегич орнотулду. Негизинен быйыл 10 800 акылдуу эсептегич орнотуу пландалган, калган бөлүгү октябрь айына чейин толук орнотулуп бүтөт.
Мындан тышкары, район боюнча 175 чакырым электр зымдары жана 49 көмөк чордону техникалык тейлөөдөн, 14 көмөк чордону капиталдык оңдоодон өткөрүлдү.
Ошондой эле жыл ичинде 4 жаңы көмөк чордон орнотуу каралса, учурда алардын экөөсү — Жергез жана Жыргалан айылдарында — ийгиликтүү орнотулуп, ишке берилди. Ошондой эле 3 көмөк чордондо кубаттуулукту жогорулатуу иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, алты айда 89 эскирген жыгач мамы жаңы темир бетон мамыга алмашылды. Алдыда дагы 139 темир бетон мамы орнотуу күтүлүүдө.