Ак-Суу районунда картошканы казуу иштери аяктоодо

Аймак 9 октябрь 2025 09:15
WhatsApp Image 2025-10-08 at 11.47.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-08 at 11.47.39.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-10-08 at 11.47.38 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-10-08 at 11.47.39.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Ак-Суу районунда быйылкы жылдын картошка жыйноо иштери аяктоо алдында турат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, район боюнча жалпы 6 860 гектар аянтка картошка айдалган. Учурда анын 200 гектарга жакын бөлүгүндө казуу иштери уланууда.

Быйылкы жылы картошканын түшүмдүүлүгү гектарына орточо 22 тоннадан 32 тоннага чейин жетүүдө. Бул көрсөткүч өткөн жылдарга салыштырмалуу туруктуу жана айрым чарбаларда жогору болуп жатат.

Дыйкандар түшүм жыйноо иштерин аба ырайынын ыңгайлуу шарттарын пайдаланып, жакынкы күндөрдө толук аяктоону пландаштырууда.

Айыл чарба тармагындагы адистердин айтымында, жогорку түшүмгө жер семирткичтерди туура колдонуу, сапаттуу үрөн тандоо жана агротехникалык талаптарды сактоо негизги өбөлгө болгон.