Бишкек, 06.11.25. /Кабар/. Ак-Суу районунун Курбу айылында асыл тукум мал чарбасы уюштурулду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, айылда "сандан сапатка өтүү" максатында жергиликтүү уйлар сатылып, анын ордуна сүт багытындагы швиц породасындагы асыл тукум уйлар алып келинген.
Азиз Айтбосунов жетектеген чарба бүгүнкү күндө асыл тукум мал багуу жана сүт өндүрүү тармагында иш алып барууда. Асыл тукум швиц породалары атайын уруктандыруу жолу менен көбөйтүлүп, асылдуулугу жогору мал алынууда.
Бул иш-аракеттин негизги максаты айыл аймагында сүт өндүрүшүн көбөйтүү, сапаттуу жана түшүмдүү уйлардын санын арттыруу, ошондой эле жергиликтүү дыйкандарга асыл тукум багытында үлгү болуу болуп саналат.
Учурда чарбада асыл тукум малдын саны акырындык менен көбөйүүдө. Ал эми өндүрүлгөн сүт жана сүт азыктары жергиликтүү тургундар арасында чоң суроо-талапка ээ.
Азиз Айтбосунов белгилегендей, бул иш-аракеттер аркылуу аймактын экономикалык абалын жакшыртып, айылдагы жаштарга жумуш орундарын түзүү да максат кылынууда.