Ак-Суу дарыясын булгаган жарандарга айып пул салынды

Аймак 04 Июнь 2026 15:00
WhatsApp Image 2026-06-04 at 14.03.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 14.04.49.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-06-04 at 14.03.33.jpeg
WhatsApp Image 2026-06-04 at 14.04.49.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Ак-Суу дарыясын булгаган жарандарга айып пул салынды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат тарабынан жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө, Москва районунун аймагынан өткөн Ак-Суу дарыясында мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Тактап айтканда, экскаватор жана оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары дарыя суусунун булганышына жол беришкен. Мындай аракеттер айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип, суу объектилерин коргоо мыйзамдарынын талаптарын бузат.

Аталган фактылар боюнча тиешелүү административдик чаралар көрүлүп, унаалардын айдоочуларына 11 миң сомдон айып пул салынды.