Бишкек, 24.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ак-Өргө конушунда бала бакча курулууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттуу, 100 балага ылайыкташкан. Жер тилкесинин жалпы аянты 0,39 гектарды түзөт.
Долбоор боюнча бала бакчадагы ар бир оюн бөлмөсүндө заманбап коопсуздук талаптарына жооп берген авариялык чыгуулар болот.
Имаратта ашкана, буфет, уктоочу, жуунучу жайлар, оюн жана кабыл алуу бөлмөлөрү, медициналык кабинет, бөлүм башчынын кабинети, музыкалык, гимнастикалык залдар, тазалык түйүндөрү жана техникалык жайлар жайгашат.
Учурда имараттын чатырын жабуу, кирпич дубалдарды көтөрүү иштери жүрүп жатат.
Курулуш иштери "Гипер Строй" подряддык уюму тарабынан жасалууда.