Ак-Ордодогу окуя. Шектүүнүн адам өлтүрүүгө тиешеси бар экендиги далилденди — Орунбеков

Коом 8 октябрь 2025 12:00
558286278_24714730841514024_4872317618079479303_n.jpg
557463060_24714731181513990_3799762381630967224_n.jpg
557627555_24714731174847324_7068038947973524076_n.jpg
559999575_24714730838180691_9141821951119545209_n.jpg
561130834_18535513555020509_5138520961354010463_n.jpg
562540454_18535513552020509_8228497505066945401_n.jpg
561414206_18535513534020509_8108357164032923703_n.jpg
Алдыга
Артка
558286278_24714730841514024_4872317618079479303_n.jpg
557463060_24714731181513990_3799762381630967224_n.jpg
557627555_24714731174847324_7068038947973524076_n.jpg
559999575_24714730838180691_9141821951119545209_n.jpg
561130834_18535513555020509_5138520961354010463_n.jpg
562540454_18535513552020509_8228497505066945401_n.jpg
561414206_18535513534020509_8108357164032923703_n.jpg
Алдыга
Артка

Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Ак-Ордо конушунда болгон адам өлтүрүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Анын адам өлтүрүүгө тиешеси бар экенин 100% тастыктаган далилдердин баары ИИМде бар. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү.

"Социалдык тармактарда “бул жаш эле бала экен, кантип эле өлтүрүп койсун?”-деген пикирлер жазылып жатат.

Азыр 21-кылым, Ички иштер министрлигинин техникалык базасы жана “Коопсуз шаар” системасынын мүмкүнчүлүктөрү жетиштүү өнүккөн. Бүт жерде камералар бар. Мындан тышкары кылмышкерлерди табуунун ыкмалары көп, аны ачыктабай эле коеюн.

Кылмышка шектүү боюнча толук маалыматтар, фактылар чогултулуп, кылмыш кылуунун максаттары боюнча так аныкталды. Тергөө жүрүп жатат. Ал тургай, эки адамды өлтүрүүгө шектелип кармалган баланын атасы боюнча дагы маалыматтар келип түштү.

Шектүүнүн атасы Майрамбек Садыков дагы мурда эки жолу соттолгон экен. Уюшкан кылмыш тобунун жетекчилеринин бири, “Дөө Чынгыздын” уюшкан кылмыш тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМде каттоодо турган. Кийин, “Дөө Чынгыздын” акыркы сапарга узатуусунда дагы катышкан",-деген ал.

Ал ошондой эле жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. 100 пайыз тастыктаган маалыматтарга ээ экенин белгилеген.

"Кылмышка шектүүнүн жаш курагын эске алып, “окшошпой жатат, башканы эле кармап алдыңар” деген талкууларга чекит коелу. Милиция өз ишин кылып жатат, ар бирибиз эле эксперт боло бербейли. Кылмышка шектүүнүн адам өлтүрүүгө чейинки жүргөн жерлери, видеолору, 100% тастыктаган далилдердин баары ИИМде бар. Жөн эле бир байкушту кармап алып, мойнуна илип коюу оюнчук эмес. Бул окуя резонанска айланды, ИИМ дыкат жана оперативдүү иштеди. 100 пайыз тастыктаган маалыматтарга ээ!

Бул окуя – кылмышкерлерге же кылмыш кылууну максат кылгандарга дагы сабак болушу керек. Азыр заман башка, техникалык мүмкүнчүлүктөр өнүккөн. Баары бир кармаласыңар. Андыктан жаман ойго баруудан мурда, башканын жана өз тагдырыңарды талкалап алуудан кармангыла",- деп жазган Орунбеков.