Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. Ак-Ордодо киши колдуу болгон маркумдун жубайы кылмышка шектүүнү тааныды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тергөө-ыкчам иш-чараларынын натыйжасында милиция тарабынан 19 жаштагы жаран кармалып, учурда тергөө иштери улантылууда.
Бүгүн Бишкек шаардык милициясына каза болгон адамдын 33 жаштагы жубайы кайрылып, кылмыштын жагдайларын жана хронологиясын тактоого көрсөтмөлөрдү берди. Ошондой эле ал кармалган шектүү жаранды тааныды.
Мындан тышкары, маркумдун жубайы жарандарга кайрылып, анын кайгысын түшүнүү менен кабыл алууга чакырды. Ошону менен бирге социалдык тармактарда терс пикирлерди жана жалган маалыматтарды таратуудан алыс болууну суранды.
Эске салсак, 3-октябрда Ак-Ордо жаңы конушунда өзгөчө оор кылмыш - эки адамдын өлүмү катталган. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.