Ак-Ордо конушунда 2 миң окуучуга ылайыкталган үч кабаттуу мектеп курулууда

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 12:45
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Ак-Ордо конушунда 750 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда үч кабаттуу имараттын курулушу уланууда жана чатыр жабуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мектеп заманбап талаптарга ылайык курулуп, пайдаланууга берилгенден кийин эки нөөмөттө иштеп, 2000ге жакын окуучуну окутууга шарт түзөрү белгиленди.

Долбоордун алкагында окуучулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү каралган.