Бишкек, 24.08.26. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы жылдары болуп жаткан ири өзгөрүүлөр өлкөнүн ар кайсы тармактарындагы жаңы долбоорлордон жана объектилерден көрүнүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Турсунбек Чынгышев “Ырыс Ордо”мамлекеттик конгресс-борборунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, бүгүн ачылган “Ак-Кеме” мейманканасы жана “Ырыс Ордо” мамлекеттик конгресс-борбору өлкөдө акыркы 4-5 жылдан бери жүрүп жаткан өзгөрүүлөрдүн бир көрүнүшү болуп саналат.
“Кайсы гана тармакты албайлы — өнөр жай, энергетика, мал чарбасы, билим берүү же саламаттык сактоо болобу, чоң өзгөрүүлөр болууда.
Мындан ары дагы элибиз президенттин жана өкмөттүн жасап жаткан иштерин туура түшүнүп, колдоп, ынтымакта болсо, келечегибиз мындан ары да жакшы болот деп ойлойм. Экономика элдин байлыгы, жашоо-турмушу болгондуктан, биз ага көңүл буруп, өнүктүрүүгө аракет жасашыбыз керек”,-деп белгиледи Чыңгышев.