Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Бишкектин борборунда эртең ысык суу убактылуу өчүрүлөт.
Муниципалитеттен билдиришкендей, Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармагын кайра куруу жана жаңы түтүктөргө кошуу иштерине байланыштуу эртең, 26-августта саат 07:00дөн 20:00гө чейин төмөнкү даректерде ысык суу берүү убактылуу токтотулат:
- Эркиндик бульвары: 63, 71, 73;
- Жумабек көчөсү: 123, 125, 129;
- Абдрахманов көчөсү: 214;
- Баетов көчөсү: 74, 75, 81, 85;
- Тыныстанов көчөсү: 138, 144.