"Жунда" заводун модернизациялоонун кийинки этабы башталат

Коом 25 Август 2026 17:45
784321243_1364649252523656_6274502444565847237_n (1).jpg
786588479_1364649335856981_233636595029889438_n.jpg
785948385_1364649255856989_2714805218681564264_n.jpg
Алдыга
Артка
784321243_1364649252523656_6274502444565847237_n (1).jpg
786588479_1364649335856981_233636595029889438_n.jpg
785948385_1364649255856989_2714805218681564264_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Инвестициялар боюнча улуттук агенттик

Бишкек, 25.08.26. /Кабар/. Бүгүн, 25-августта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрлер кабинети менен "Борбордук Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосунда түзүлгөн инвестициялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча кошумча келишимге кол койду.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришкендей, документ "Жунда" мунайды кайра иштетүүчү заводун модернизациялоо долбоорун ишке ашыруунун кийинки этабын баштоого мүмкүндүк берет.

Эске салсак, жылына 800 миң тонна мунайды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ бул ишкана Кыргызстандагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Модернизациялоо иштери Улуттук инвестиция агенттиги менен "Борбор Азия энергетикалык компаниясы" ЖЧКсынын ортосундагы макулдашуунун негизинде жүрүүдө.