Бишкек, 02.03.26. /Кабар/. Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин кызматкерлери Экономика жана коммерция министрлигинин, Кара-Балта мэриясынын жана Жайыл районунун (Акбашат айыл аймагы) мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте «Чайна Петроль Компани «Жунда» ЖЧКсына таандык мунайды кайра иштетүүчү заводго барышты.
Агенттиктен билдиришкендей, иш сапар инвестор — Кытайдын «Шэньси көмүр-химия корпорациясынын» расмий чакыруусу менен уюштурулуп, заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорунун жүрүшү менен таанышуу максатын көздөйт.
Жылына 800 000 тонна мунайды кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ бул ишкана Кыргызстандагы эң ири инвестициялык долбоорлордун бири болуп саналат. Модернизациялоо иштери Улуттук инвестиция агенттиги менен «Борбор Азия энергетикалык компаниясы» ЖЧКсынын ортосундагы макулдашуунун негизинде жүрүүдө. Долбоордун жалпы инвестициялык көлөмү 193,75 млн АКШ долларын түзүп, иштерди 2026-жылдын 31-июлуна чейин толук аяктоо пландалган.
Иш сапардын алкагында катышуучулар курулуш-монтаждоо иштеринин учурдагы абалын жана өндүрүш объектилеринин даярдык деңгээлин көрүп чыгышты.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөдө, мунайды кайра иштетүүнүн сапатын жогорулатууда жана жаңы жумуш орундарын түзүүдө стратегиялык мааниге ээ экенин белгилешти.