Ысык-Көлдө 7,8 МВт кубаттуулуктагы Жыргалаң чакан ГЭСи ишке берилет

Экономика
Ысык-Көлдө 7,8 МВт кубаттуулуктагы Жыргалаң чакан ГЭСи ишке берилет
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 04.11.26. /Кабар/. Ысык-Көл облусунда “Ала-Тоо” курорттук кластерин электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган кубаттуулугу 7,8 МВт болгон Жыргалаң чакан гидроэлектр станциясы жакында ишке берилет. Бул тууралуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин директору Эмилбек Орозбаев “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, аталган ГЭС фонд тарабынан колдоого алынган алгачкы долбоорлордун бири болуп саналат. Учурда өлкөдө чакан ГЭСтерди, күн жана шамал электр станцияларын куруу артыкчылыктуу багыттардын катарына кирет.

“Экономикабыз өсүп жатат. Жыл сайын өлкөдө 100дөн кем эмес өнөр жай объектиси ишке киргизилүүдө. Алардын ар бири белгилүү өлчөмдө электр энергиясын талап кылат. Электр энергиясыз азыр турмушубузду элестетүү мүмкүн эмес”, — деди ал.

Ошондой эле Эмилбек Орозбаев фонддун имаратын капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатканын, жаңы жылга чейин бул иштерди аяктоо пландалып жатканын белгиледи. Мындан тышкары, имараттын чатырына күн панелдерин орнотуу каралып жатканын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүн “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында министрлер кабинетине караштуу “Жашыл энергетика фонду” мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү көрсөтүлүүдө.