Ак кар, көк муз жана адреналин: Кышкы эс алууну кайдан өткөрүүгө болот?

Коом Загрузка... 29 Январь 2026 10:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кыргызстанда кышкы туризм сезону кызуу жүрүүдө. Өлкөнүн тоо-лыжа базалары конокторду кабыл алып, тоо койнунда шаңдуу маанай өкүм сүрүүдө. Биз бүгүн борбор калаадан болгону 35 чакырым алыстыкта жайгашкан, лыжа сүйүүчүлөрдүн сүйүктүү жайына айланган «Зил» базасы тууралуу кенен маалымат беребиз. Бул жерде үй-бүлөлүк эс алуу үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

“Зил” тоо лыжа базасы үй-бүлөлүк эс алуу үчүн эң ыңгайлуу жайлардын бири. База Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында жайгашкан. Ал жакка жетүү оңой. Бишкектен 30-35 мүнөттүк жол.

Аталган база көз жоосун алган, ажайып кооз жерде жайгашып, кар каптаган тоолор эс алуучулардын көңүлүн буруп, табиятка болгон кызыгууну арттырат.

WhatsApp Image 2026-01-29 at 09.34.00.jpeg

Лыжа базасында жаңы үйрөнүп жаткандарга ылайыкталган, ошондой эле тажрыйбалуу лычажыларга арналган трассалар бар. Аталган аймакта тартипти көзөмөлдөө жана коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

Базанын аймагынан ар түрдүү товарларды - азык-түлүк, кийим-кече, үй буюмдарын жана сувенирлерди табууга болот. Дүкөндөрдө уз-чеберлердин колунан жаралган уникалдуу буюмдар сатылат. Бул туристтердин кызыгуусун жаратат.

WhatsApp Image 2026-01-29 at 09.34.01.jpeg

Кооз жайлар жана атмосфера, базадагы жөө жолдор, ар кандай чакан кафе жана тамактануучу жайлар кардарлар үчүн жагымдуу шарт түзөт.

Базада кошумча тюбинг баллон жана ат үстүндө экскурсия каралган. Эс алуучулар үчүн афрейм үйлөр, жатаканалар, ошондой эле төрт асма жол, зиплайн (тарзанка) бар. Атайын унаа токтотуучу жайлар дагы каралган.

Базага кирүү иш күндөрү 1500-1700 сомду түзсө, ал эми эс алуу күндөрү 2000-2700 сомго чейин болот.

Бекмырза Айдар уулу, "Кабар" маалымат агенттиги