Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу катары таанытуу. Токтом долбоору коомдук талкууда

Коом Загрузка... 09 Сентябрь 2025 11:22
WhatsApp Image 2025-09-09 at 11.17.09.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. “Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө” токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Токтомдун долбоору “Коомдук талкуулар” бирдиктүү порталына жайгаштырылды. Документ аталган порталда 20-сентябрга чейин турат. Токтом долбоорун Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги иштеп чыккан.

Бул долбоор Кыргызстандын Улуттук жаратылышынын жана маданиятынын символу катары ак илбирстин статусун белгилөө, жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан түрлөрүн, анын ичинде ак илбирсти коргоо боюнча иштерди бекемдөө жана мамлекеттик деңгээлдеги экологиялык программаларды колдоо, дүйнөлүк платформада жаратылышты жана экосистемаларды коргоо жаатында өлкөнүн аброюн жогорулатуу жана өлкөнүн жаратылыш мурастарына көңүл буруу үчүн ак илбирстин статусун туристтик жана маданий бренд катары пайдалануу максатында иштелип чыккан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин айтымында, бул максаттар жана милдеттер токтомду ишке ашырууда мындан аркы кадамдарды кабыл алууга жана жаратылышты жана жаныбарлардын уникалдуу түрлөрүн сактоодо жигердүү иштеген өлкө катары Кыргызстандын кадыр-баркын бекемдөөгө негиз болот.

Белгилей кетсек, президенттин жарлыгы менен ак илбирс расмий түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук символу болуп таанылган. Ушуга байланыштуу аталган жарлыктын жоболорун ишке ашыруу, мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктоо жана ак илбирстин популяциясын сактоо үчүн шарттарды түзүү үчүн министрлер кабинетинин тиешелүү ченемдик-укуктук актысын иштеп чыгуу зарылдыгы келип чыкты.

Ак илбирс — Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда жашаган сейрек кездешүүчү жана аялуу түр. Бул өлкөнүн табигый мурасынын бир бөлүгү гана эмес, маданиятта, фольклордо жана мамлекеттик символикада кеңири чагылдырылган улуттук иденттүүлүктүн, күчтүн жана эркиндиктин маанилүү символу.

Токтомдун долбоорунда көрсөтүлгөндөй, ак илбирсти улуттук символ катары таануу мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, коомдук жана эл аралык уюмдардын аны коргоону, популяризациялоону жана адам менен туруктуу жанаша жашоону камсыз кылуу максатында макулдашылган иш-аракеттерин талап кылат.