Бишкек, 23.10.25 /Кабар/. Ак илбирске мыйзамсыз аңчылык кылган браконьерлер тууралуу маалымат берген жарандарга 1 млн сом сый акы берилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы Кумар Мамбеталиев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, быйыл броконьерлик фактылары азайганына карабастан, министрлик аларга каршы ишти күчөтүлгөн тартипте улантып жатат.
“Эгер кимдир-бирөөнүн мыйзамсыз аңчылык кылып жатканын көрсөңүз же күмөн санасаңыз, дароо Жаратылыш министрлигинин 108 номерине чалып, маалымат бериңиз. Туюк түрдө маалымат берсеңиз да кабыл алынат. Маалыматтын негизинде биз тийиштүү аймакта көзөмөл жана иликтөө иштерин жүргүзөбүз,” - деди ал.
Мамбеталиев белгилегендей, ак илбирс үчүн браконьерге салынган айып пулдун көлөмү 2 млн сомду түзөт. Анын 1 млн сому маалымат берген жаранга сый акы катары ыйгарылат.