Ак илбирс – Кыргызстандын улуттук символу

Коом Загрузка... 09 Сентябрь 2025 15:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Ак илбирс — Кыргызстандын бийик тоолуу райондорунда жашаган сейрек кездешүүчү жаныбар. Бул өлкөнүн табигый мурасынын бир бөлүгү гана эмес, маданиятта, фольклордо жана мамлекеттик символикада кеңири чагылдырылган улуттук иденттүүлүктүн, күчтүн жана эркиндиктин символу.

Ак илбирс Эл аралык жаратылышты коргоо союзунун Кызыл китебине киргизилген жана дүйнөнүн 12 өлкөсүндө сейрек же жоголуп бараткан жаныбар статусуна ээ. Ак илбирс жаратылыш байлыгынын, маданий байгерликтин гана символу болбостон, глобалдуу аймактын 1/3 ээлеген тоо экосистемасынын туруктуулугунун жана саламаттыгынын да индикатору болуп саналат. Жаратылышта ак илбирстерди жоготуу аяр экологиялык балансты бузуу тобокелдигине алып келет, бул жаныбарлардын ар кандай түрүнө да, адамга да кыйраткыч таасирин тийгизет.

snejniy-bars-3840x2160-irbis-kitay-golubie-glaza-sneg-8257-1024x576-1.jpg

Байыркы кыргыз элинин маданиятында ак илбирс айбаттуулуктун, айкөлдүктүн, эр жүрөктүүлүктүн, кайраттуулуктун жана чыдамкайлыктын көрүнүшү болгон. Ошондуктан уламыштарда айтылгандай, илбирс улуу Манастын тотемдик жаныбары болгон. Ак илбирс, адам менен жаратылыштын биримдиги залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Тоолор кулаганда” аттуу акыркы романында айкын сүрөттөлгөн.

Кыргызстан жапайы жаратылышты коргоо боюнча глобалдык программалардын активдүү катышуучусу экени маалым. Ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк форумда ак илбирс жашаган 12 өлкөнүн өкүлдөрүнүн жана айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык экологиялык коомчулуктун колдоосу менен Ак илбирсти коргоо боюнча Бишкек декларациясы бир добуштан кабыл алынган жана Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча комплекстүү глобалдык программасы (The Global Snow Leopard and Ecosystem Protection – GSLEP) жактырылган.

23-октябрь Ак илбирстин эл аралык күнү катары белгиленип келет жана ак илбирсти сактоодо эл аралык кызматташтыкты бекемдөө максатын көздөйт.

1734067612.857208192.jpeg

Ак илбирс деңиз деңгээлинен 1500 метрден 6000 метрге чейинки бийиктикте жашайт. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Дерсу Акбаралиевдин айтымында, ак илбирс бийик тоолордо, мөңгүлөрдө байырлагандыктан, түздөн-түз жаратылыш менен тыгыз байланышкан. Мындан улам адис мөңгүлөрдүн бар болушу ак илбирс жаныбарынын бар экендигин билдирип турат деп белгилейт.

“Бүгүнкү күндө климат жылдан-жылга өзгөрүп, мөңгүлөрүбүз азайып баратпайбы. Эгер мөңгүлөрүбүз жоголо турган болсо, бул популяцияны да жоготуп алуу коркунучу жаралат. Ошол себептен биз учурда климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, ошондой эле жапайы жаныбарларды сактоо максатында иштерди жүргүзүп жатабыз. Жарандарыбыздан биз бирден-бир эле суранычыбыз – бул жаратылышка аяр мамиле жасоо. Себеп дегенде, ак илбирске илгертен эле аң уулоого уруксат берилбей, тыюу салынган. Ал жоголуу коркунучунда турган жаныбар болуп эсептелип келет. Жыл сайын жүргүзүлгөн жыл санактардын натыйжалары боюнча, жакшы жакка жылыштар бар десек болот. Себеби жылдан-жылга ак илбирстин саны көбөйүүдө. Бул да болсо, элдин аң-сезиминин өскөндүгүнөн, жаратылышка аяр мамиле кылып, мыйзамсыз иштерге барбагандыгынын белгисин көрсөтүп жатат. Ошол эле маалда биздин министрликте иштеген аңсакчылар (егерлер) жана инспекторлорубуздун иши сапаттуу аткарылып жатканынан кабар берет. Мунун баары ак илбирсти коргоо иштеринин күчөтүлүшүн билдирип турат. 2024-жылы жүргүзүлгөн санактардын натыйжасында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда ак илбирстин саны 500дөн ашты”, - дейт Дерсу Акбаралиев.

6761aaf6e82ba041808494.png

Кыргызстанда ак илбирсти жана анын экосистемасын сактоо боюнча демилгелерди андан ары мамлекеттик колдоо, ошондой эле ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу максатында президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-декабрында “Ак илбирсти Кыргыз Республикасынын улуттук символу деп таануу жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, министрлер кабинетине Кыргызстанда ак илбирстин улуттук символ деген статусун таануу жана өлкөдө ак илбирстин санын, ошондой эле анын экосистемасын коргоо боюнча чараларды көрүү тапшырылган. Мындан тышкары, улуттук символдун логотибин, колдонуу варианттарын иштеп чыгуу да жүктөлгөн.

фото_для_подписаний_LqSbsHF.jpg

Жарлыкты ишке ашыруу үчүн Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги “Ак илбирстин статусун Кыргызстандын улуттук символу деп таануу жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга чыгарды. Токтомдун долбоору “Коомдук талкуулар” бирдиктүү порталына жайгаштырылды. Документ аталган порталдын сайтында 20-сентябрга чейин турат. Жарандар долбоорго карата сунуш-пикирлерин калтырса болот.

Бул долбоор Кыргызстандын Улуттук жаратылышынын жана маданиятынын символу катары ак илбирстин статусун белгилөө, жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жок болуп бара жаткан түрлөрүн, анын ичинде ак илбирсти коргоо боюнча иштерди бекемдөө жана мамлекеттик деңгээлдеги экологиялык программаларды колдоо, дүйнөлүк платформада жаратылышты жана экосистемаларды коргоо жаатында өлкөнүн аброюн жогорулатуу жана өлкөнүн жаратылыш мурастарына көңүл буруу үчүн ак илбирстин статусун туристтик жана маданий бренд катары пайдалануу максатында иштелип чыккан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиевдин айтымында, бул максаттар жана милдеттер токтомду ишке ашырууда мындан аркы кадамдарды кабыл алууга жана жаратылышты жана жаныбарлардын уникалдуу түрлөрүн сактоодо жигердүү иштеген өлкө катары Кыргызстандын кадыр-баркын бекемдөөгө негиз болот.

2963787.b7acc059958abc7076d1d215c8e5ca2f.jpg

Токтомдун долбоорунда көрсөтүлгөндөй, ак илбирсти улуттук символ катары таануу мамлекеттик органдардын, илимий жана билим берүү мекемелеринин, коомдук жана эл аралык уюмдардын аны коргоону, популяризациялоону жана адам менен туруктуу жанаша жашоону камсыз кылуу максатында макулдашылган иш-аракеттерин талап кылат.

Улуттук символдун логотибин, колдонуу варианттары да иштелип чыгып, долбоорго камтылды.

3555277.20b229a634f8eff840c26ea482ba9d5e.jpg

Токтомдун кабыл алынышы эмнелерге мүмкүндүк түзөт?

- ак илбирсти жана анын жашаган чөйрөсүн коргоо боюнча чараларды күчөтөт;

- жаратылышты коргоо маселелеринде коомдук аң-сезимдин деңгээлин жогорулатат;

- ак илбирстин образын маданий дипломатияда жана эл аралык аренада Кыргызстандын кадыр-баркын көтөрүүдө пайдаланууга.

Долбоордун милдеттери кайсылар?

- расмий жана туристтик материалдарда ак илбирстин логотибин, сүрөттөлүшүн жана образын колдонуунун варианттарын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- ак илбирсти сактоо жана популяциясынын санын көбөйтүү, анын ичинде корголуучу аймактарды түзүү, жашоо чөйрөсүнө мониторинг жүргүзүү жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды киргизүү;

- ак илбирстин улуттук символ катары мааниси жана аны коргоонун маанилүүлүгү жөнүндө жарандардын кабардар болуусун жогорулатууга багытталган массалык маалыматтык кампанияларды өткөрүү;

- ак илбирсти коргоо боюнча биргелешип иш алып баруу үчүн эл аралык жаратылышты коргоо уюмдары, коңшу өлкөлөр менен өнөктөштүк менен байланыш түзүү;

- туристтик маршруттарды иштеп чыгуу, туристтер арасында ак илбирстин образын жайылтууга багытталган маданий иш-чараларды жана фестивалдарды өткөрүү;

- туруктуу мониторингди, коргоо чараларынын натыйжалуулугун баалоону жана экологиялык программаларды түзөтүүнү орнотуу.

irbis-2.jpg