Бишкек, 29.06.26. /Кабар/. "Чоң-Кемин" мамлекеттик жаратылыш паркында жапайы фаунага байкоо жүргүзүү жана табигый балансты сактоо боюнча системалуу иштер аткарылууда. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине парктын директору Адилбек Касмалиев билдирди.
Анын айтымында, жаныбарларга мониторинг жүргүзүү үчүн парктын аймагында фотокапкандар колдонулат. Алар жапайы жаныбарлардын миграциялык багыттары эске алынуу менен орнотулат. Бул чара жаныбарлардын табигый чөйрөдөгү санын, жүрүм-турумун жана таралышын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Паркта байырлаган жаныбарлардын түрлөрүнүн арасында марал, элик, жапайы каман, тоо эчкилери, ошондой эле ак илбирс, күрөң аюу сыяктуу жырткыч жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар, куштардын ар кандай түрлөрү бар.
"Мындан тышкары, паркта жаныбарларды кыш мезгилинде колдоого багытталган биотехникалык иш-чаралар өткөрүлөт. Бул максатта тоют камдалып, калың кар түшкөн маалда жаныбарларга кошумча азык берүү уюштурулат. Парктын кызматкерлери өздөрүнө бекитилген аймактарды күн сайын кыдырып, байкоолордун жыйынтыгын каттап турушат. Бул жаратылыш аймагынын абалын ыкчам көзөмөлдөөгө шарт түзөт", — деп айтты ал.
Директор белгилегендей, жаныбарлар дүйнөсүн коргоо боюнча комплекстүү иштер биоартүрдүүлүктү сактоого жана "Чоң-Кемин" жаратылыш паркынын экосистемасынын туруктуу өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.