Ак илбирс, элик, тоо эчки – Токтогулда видеокапканга түшкөн жаныбарлар

Аймак 02 Июнь 2026 16:00
689023202_1320991973469495_5795793184462276575_n.jpg
709881310_1320991873469505_4916275731817007243_n.jpg
710078532_1320993053469387_560758799532172669_n.jpg
710431593_1320993276802698_1512211646952953274_n.jpg
710586442_1320992043469488_1529826235134877273_n.jpg
710603050_1320993170136042_6816264149383440825_n.jpg
710742253_1320992733469419_7727025823429851397_n.jpg
710755420_1320992916802734_2538880420334826387_n.jpg
710755667_1320992856802740_6628812590364343256_n.jpg
710782058_1320992980136061_4648041817648212230_n.jpg
710799642_1320992666802759_6681687601717390316_n.jpg
711149097_1320993456802680_8042079758529468595_n.jpg
711686236_1320993886802637_849026368196979119_n.jpg
712196944_1320993770135982_3091732911955692546_n.jpg
712523711_1320992450136114_793231452968196454_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon NABU Кыргызстан

Бишкек, 02.06.26. /Кабар/. Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында орнотулган фотокапкандарга ак илбирс баштаган бир катар сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарлар сүрөткө түшүп калды. Бул тууралуу "NABU Кыргызстан" уюмунан билдиришти.

Атайын жабдыктарды уюмдун кызматкерлери "Жашыл өрөөн" коомдук бирикмеси менен биргеликте 2025-жылдын ноябрь айында орнотушкан. Жакында чыгарып алынган сүрөт маалыматтарда аймакта ак илбирс, тоо эчки, куран-элик жана камандар байырлап жүргөнү аныкталды. Учурда адистер жаныбарлардын жүрүү багыттарын жана санын тактоо үстүндө иштеп жатышат.

Эске салсак, буга чейин "NABU Кыргызстан" уюму Чүйдүн "Чоң-Кемин" паркында жана Оштун Сарыгой капчыгайында орнотулган фотокапкандарды текшерип, алардан илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, бугу-марал жана улар баш болгон ондон ашык жаныбарлардын түрүн каттоого алган.

Мындай мониторинг иштери сейрек кездешүүчү жаныбарларды изилдөөдө жана коргоодо маанилүү ролду ойнойт.