Ак-Босого конушунун тургуну: Пенсиябыздын көбөйгөнүнө терең ыраазыбыз

Коом 1 октябрь 2026 12:35
Ак-Босого конушунун тургуну: Пенсиябыздын көбөйгөнүнө терең ыраазыбыз
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 01.10.26 /Кабар/. Ак-Босого конушунун тургуну, пенсионер Жумаш Нусубалиева пенсиясынын жыл өткөн сайын көбөйүп жатканына ыраазычылыгын билдирди. Бул тууралуу ал “Кабар” агенттигине Карылардын эл аралык күнүнө арналган майрамдык иш-чарада билдирди.

Пенсионердин айтымында, ал эмгек жолунда экономист, бухгалтер, башкы бухгалтер жана мугалим болуп иштеп, пенсияга чыккан.

“Башында пенсиябыз аз болчу, кийин улам көбөйүп отуруп, азыр бир жетишерлик деңгээлде болуп калды. Октябрда дагы көтөрүлгөнү турат. Буга терең ыраазычылык билдиребиз. Бизге мындан артык эмне керек? Свердлов райондук Социалдык фондунун кызматкерлерине да ыраазымын. Баары кичипейил, элди жакшы тейлешет”, — деди ал.

Нусубалиева өлкөдө бейпилдик болуп, элдин жашоо-шарты мындан ары да жакшырышын каалады.

“Мындан башка дагы жеңиштерге, өсүп-өнүгүүгө жетели. Өлкө жетекчилигинин, президенттин жакшынакай иштеген ишинин натыйжасында ушундай болуп жатат. Дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин көбү менен алака түзүлүп жатат. Жолдорубуз кандай сонун салынып жатат. Мектептер, ооруканалар курулуп жатат, бүт мекемелер жаңырууда. Экономикабыз бардык жактан өнүгүп-өсүп жатат. Ушулар кут болсун, ушуга тоодой шүгүр дейли. Мындан жаман замандарда деле жашаганбыз. Эл-журтубузда ынтымак болсун. Кыргыз тилибизди урматтап, сыйлап, балдарды да кыргызча сүйлөгөнгө тарбиялап өстүрөлү. Бүгүнкү карылар күнүнө чакырып, ушундай майрамдатып жаткан Социалдык фонддун кызматкерлерине ыраазычылык билдире кетем. Бардык улуу муундун өкүлдөрүн бүгүнкү Карылар күнү менен куттуктайм!” — деди ал.