Бишкек, 17.08.26. /Кабар/. Улуттук тарых музейинин директору Назгүл Өмүрзакова Япониянын Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун жетекчилиги жана өкүлдөрү менен жолугушту.
Маданият министрлигинен билдиришкендей, жолугушууга Ак-Бешим шаар чалдыбарында археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү максатында Кыргызстанга келген Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институтунун директору, профессор Кадзуя Ямаути, директордун орун басары, консервация илими боюнча профессор Акира Фудзисава, тарых боюнча доцент Сигэо Сайто жана институттун башка кызматкерлери катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданий мурасты изилдөө, сактоо жана реставрациялоо багыттарындагы кызматташтыктын келечеги тууралуу пикир алышты.
Белгилей кетсек, Тэйкё университетинин Маданий мурас боюнча илимий-изилдөө институту бүгүнкү күндө Японияда жана чет өлкөлөрдө маданий мурастарды изилдөө боюнча илимий иштерди жүргүзүп, адистердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле студенттердин практикалык билим алуусуна багытталган иш-чараларды уюштуруп келет.