Ак-Бешим айылында жолдун сапаты текшерилди

Коом Жүктөлүүдө... 28 Июль 2026 11:20

Бишкек, 28.07.26 /Кабар/. Чүй облусунун Ак-Бешим айылындагы унаа жолдун асфальт-бетон жабуусунан керндер алынды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, алынган үлгүлөр Республикалык сертификаттоо борборунун сыноо лабораториясына жөнөтүлүп, ал жерде изилдөө жүргүзүлөт.

Сыноонун жүрүшүндө адистер асфальт-бетон аралашмасынын физикалык-механикалык мүнөздөмөлөрүн аныктап, анын курулуш нормаларына, мамлекеттик стандарттарга жана техникалык регламенттерге шайкештигин текшеришет.