"Ак Башат 5" балык чарбасында балык кармоонун жылдык көлөмү 50 тоннага жетет

Коом Загрузка... 30 Май 2025 11:05
biznesplan_po_razvedeniyu_karpov_v_iskusstvennom_prudu_main.jpg
copyright icon www

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. «Ак Башат 5» балык чарбасында балык кармоонун жылдык көлөмү 50 тоннага жетет.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, «Ак Башат 5» балык чарбасы — Кыргызстандын балык чарбасын өнүктүрүүдө үлгү болчу ийгиликтүү долбоорлордун бири. Учурда аталган чарбада жыл сайын 450 килограмм жаш балык сакталат.

Бул экологиялык тең салмактуулукту сактоо менен катар, балык чарбачылыгын туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүдө.

Белгиленгендей, мындай жыйынтык – чарбанын профессионалдык башкаруусу жана узак мөөнөттүү стратегиясынын жыйынтыгы.

"Ал айыл чарба тармагында туруктуулукту камсыздап, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга салым кошуп келет",-деп айтылат маалыматта.