Нарын облусунун Кара-Тоо айылында 800гө жакын түтүн жашайт. Дээрлик 95 пайызы мал менен тиричилик кылат. Алардын жандыгын караган бир эле ветеринар бар. Канат Өскөнбек уулу жогорку билимдүү адис. Жаз ортолоп, эл малын жайлоого жөнөтөр маалда анын жумушу көбөйөт. Талапка ылайык, ар бир жандык жылына эки ирет эмдөөдөн өтүшү керек. Ошондуктан жаш адис сезон маалында күн-түн дебей иштөөгө туура келет.

“Ар бир жандык жаз жана күз мезгилдеринде, жылына эки жолу эмдөөдөн өтүп турат. Бул вакцина чума оорусуна каршы жүргүзүлөт. Өтө кооптуу дарт. Бир мал ооруса, калгандарына жугат. Соңунда өлүмгө алып келет. Ошон үчүн бир дагы малды калтырбай, 1 мл даарыны, теринин астына саябыз. Бир койго ийне саюу акысы 30, бодо малдыкы 100 сом. Баа прейскурант менен бекитилген", - дейт ветеринар Канат Өскөнбек уулу.

Мал доктурдун айтымында, пландуу эмдөө акысыз жүргүзүлөт. Бирок жандык ооруга чалдыкса, күчтүү дары-дармектерди фермерлер өз эсебинен сатып алат.
“Мамлекет тарабынан вакцина эле каралган. Калганын фермер коммерциялык дарыканалардан сатып алат. Мисалы, алар күчтүү антибиотиктер, ооз жара болгондо чачылчу спрейлер”, - дейт ал.

Каарманыбыз бул кесипти жөн жерден тандаган эмес. Ал атасынын жолуна түшкөн. Атасы союз мезгилинен бери айылдын мал доктуру болуп эмгектенип келет. Азыр ата-бала чогуу иштейт. Бирок жашы улгайгандыктан, негизги жүк Канаттын мойнунда.
“Мал деле адам сыяктуу депрессияга түшөт, стресс алат. Ошонун баарын билген, түшүнгөн адис иштеш керек. Көп эле жаш кадрлар окууну бүтүп келет. Бирок малды карап, ийне сайып иштегиси келбейт. Алды Англияга, арты шаарга иштеп кетип калат. Мисалы, коңшу Арсы айылында ветеринардык дарыгер жок”, - дейт ветеринар.

Мал доктурдун жумушу оор жана жоопкерчиликтүү. Айылдын жалгыз ветеринары кооптуу учурларга да көп кабылган. Ага карабастан, Канат ушул иш менен токочун таап, айылдагы малды тейлеп келет. Жумуштун көлөмү көп болгондуктан, фермерлер кезек күтүп, узак убакытка чейин малын көрсөтө албай калышат экен.
“Биздин айылда Канат эле бар. Чалсаң бошобойм дейт. Күтөсүң анан кечке. Жалгыз болгондуктан, чакырыктары көп. Иштин көзүн билген адистер келип иштесе болмок”, - дейт Нарын облусунун Кара-Тоо айылынын тургуну Рысбек Исаков.
Кочкор району боюнча 37 ветеринар жана веттехник бар. Алардын 70 пайызы пенсия курагындагылар. Бул бир эле Нарын облусунун эмес, жалпы өлкөнүн көйгөйү. Мал чарбачылыгы өнүккөн аймактарда ветеринарлар жетишпей, кендирди кесүүдө.