Бишкек, 20.06.25./Кабар/. Кыргызстанда "Айыл чарбасын каржылоо - 13" долбоору боюнча дыйкан-фермерлерге 5 487 насыя берилди.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун жалпы суммасы 3 млрд 414 млн 993 миң сомду түздү.
Анын ичинен "өсүмдүк өстүрүү" боюнча жалпы 427 млн 309 миң сомго 873 насыя берилди:
- "Айыл Банк" аркылуу 207 млн 383 миң сомго 432 насыя;
- "Элдик Банк" аркылуу 219 млн 926 миң сомго 441 насыя.
"Мал чарбачылык" боюнча жалпы 2 млрд 771 млн 476 миң сомго 4 499 насыя берилди:
- "Айыл Банк" аркылуу 1 млрд 87 млн 726миң сомго 1 763 насыя;
- "Элдик Банк" аркылуу 1 млрд 683 млн 750 миң сомго 2 736 насыя.
"Сууну үнөмдөөчү технологиялары" боюнча 16 млн 100 миң сомго 21 насыя берилди:
- "Айыл Банк" аркылуу 11 млн 400 миң сомго 14 насыя;
- "Элдик Банк" аркылуу 4 млн 700 миң сомго 7 насыя.
"Лизинг" боюнча жалпы 200 млн 108 миң сомго 94 насыя берилди:
- "Айыл Банк" аркылуу 145 млн 467 миң сомго 70 насыя;
- "Элдик Банк" аркылуу 54 млн 641 миң сомго 24 насыя.