Бишкек, 08.07.26. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жарандар үчүн 1210 бирдиктүү колл-борбору туруктуу негизде иштеп жатканын эскертет.
Ведомстводон маалымдашкандай, бул байланыш номери аркылуу жарандар жана фермерлер мамлекеттик колдоо программалары боюнча ыкчам маалымат жана төмөнкү багыттар боюнча кеңеш ала алышат:
- жеңилдетилген насыялар жана субсидиялар;
- айыл чарба техникаларын лизингге алуу шарттары;
- ирригация (сугат суу) жана өсүмдүктөрдү коргоо;
- ветеринария жана асыл тукум чарбачылыгы;
- продукцияны кайра иштетүү, сертификаттоо жана экспорт маселелери.
Колл-борбор иш күндөрү саат 9:00дөн 18:00гө чейин билдирүүлөрдү кабыл алат. Чалуу акысыз.