Айыл чарба тармагындагы ишкердикти колдоо күчөтүлөт

Коом 15 сентябрь 2026 14:50
809876736_2821031911600586_8583733892204516410_n.jpg
812196105_1788822259211374_4897900937561657134_n.jpg
811405321_1473243211519765_6761143718416421566_n.jpg
809543426_2957082357977776_5564499162545997750_n.jpg
811830856_1094158149865263_1460199897243811447_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 15.09.26. /Кабар/. Бүгүн, 15-сентябрда суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Мирбек Дүйшеевдин жетекчилиги алдында "Айыл чарбасында климаттын өзгөрүшүнө туруктуу кошумча нарк чынжырчаларын өнүктүрүү" долбоорунун алкагында жумушчу кеңешме өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, кеңешмеге Айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмүнүн (APIU) жана долбоордун өнөктөш финансылык институттары "Элдик Банк" менен "АБанк" ААКтарынын өкүлдөрү катышты.

Анда кредиттик ресурстарды жайгаштыруу жана өздөштүрүүнүн учурдагы жүрүшү, насыя берүүнү тездетүү боюнча чаралар, ошондой эле долбоордун финансылык компонентин ишке ашыруунун натыйжалуулугун мындан ары жогорулатуу маселелери каралды.

Кеңешменин жыйынтыгында тараптар айыл чарба тармагындагы ишкердикти колдоо, кредиттик ресурстарды натыйжалуу жана өз убагында жайгаштыруу боюнча биргелешкен ишти күчөтүү жөнүндө макулдашышты.