Айыл чарба продукциясындагы зыянкечтерди аныктоо үчүн кайсы лабораторияга кайрылса болот? Даректери

Коом Загрузка... 10 Октябрь 2025 10:05

Бишкек, 10.10.25 /Кабар/. Кыргызстанда өсүмдүктөрдүн карантини боюнча лабораториялар зыянкечтерди, илдеттерди, отоо чөптөрдү жана нематоддорду аныктоо үчүн айыл чарба продукцияларына текшерүү жүргүзөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сыноолордун жыйынтыгы боюнча карантиндик фитосанитардык экспертизанын сертификаты берилет, андан кийин адистер зыянкечтерге, илдеттерге жана отоо чөптөргө каршы күрөшүү боюнча зарыл консультацияларды беришет.

Өсүмдүк карантини боюнча лабораторияларынын даректери:

  • Бишкек: Маяковский көч. №60, 0312 376 321, 0557 996 898
  • Ош: Исанов көч. №42, 0222 929 276
  • Талас: Кызыл-Адыр айылы, Сатыбалдиев көч. №22, 0553 509 190
  • Ысык-Көл: Түп айылы, Манас көч. №124, 0755 557 313
  • Баткен: Чет-Булак көч. №1, 0770 171 112
  • Нарын: Мусурманкулов көч. №126, 0708 535 373