Айыл чарба министрлигине кызматтык унаалар берилди

Коом 26 август 2025 12:50
152A1957.JPG
152A2090.JPG
152A1955.JPG
Алдыга
Артка
152A1957.JPG
152A2090.JPG
152A1955.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 26.08.25 /Кабар/. Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине кызматтык унаалар берилди.

Унаанын ачкычын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев өз ээлерине тапшырды. 

Жаңы кызматтык унаалар министрликтин борбордук аппаратына, "Агросмарт" мамлекеттик ишканасына,  Мамлекеттик Асыл тукум заводуна,  Айыл чарбасын кооперациялоо жана инновациялык технологиялар департаментине, Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба департаментине, Ветеринардык жана фитосанитардык кызматына, Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматына берилди.

"Бул унаалар сиздердин ишиңиздерди жеңилдетүүгө жардам берсин. Айыл чарбасын өнүктүрүү багытында активдүү иш алып барышыңызды, кызматтарыңыздагы натыйжалуулукту жогорулатууңузду каалайм", - деди Төрөбаев.

Белгилей кетсек, кечээ министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Энергетика министрлигине, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине, Ички иштер министрлигине жана башка бир катар мамлекеттик органдарга жаңы унаалардын ачкычын тапшырган болчу.